Быйыл «Социалдык келишим» долбооруна 2 млрд сом сарпталат

8 февраля 2024, 09:27

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ошко болгон жумушчу сапарында билдирди.

Бул максаттарга 2 млрд сом бөлүнгөн. 

Өкмөт башчы облустук жана райондук жетекчилерге кол өнөрчүлүк менен алектенген үй-бүлөлөргө бизнесин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү тапшырды.