Быйыл социалдык обьектилерди курууга 9 млрд сом сарптоо пландалууда
Жыл аягына чейин Кыргызстанда 204 мектеп жана 49 бала бакча курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Мындан тышкары, 18 медициналык мекеме жана 30 маданий объект салынат.
“Буга 9 млрд сом сарптоо пландалууда. Ошондой эле, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине атайын техникаларды сатып алуу үчүн 4,9 млрд сом жумшоо пландалууда”, - деди ал.