Быйыл Ысык-Атада 5 мектеп жана 1 бала бакча пайдаланууга берилди

17 ноября 2023, 14:15

Ысык-Ата районуда 90 орундуу башталгыч мектеп ачылды. Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, имараттын пайдубалына ушул жылдын жазында капсула салынган.

Билим берүү мекемесинин курулушуна жалпы 13 млн сом жумшалып, анын 4,5 сому Чүй облустук өнүктүрүү фондунан, калган бөлүгү Катар мамлекетинин кайрымдуулук фондунан каржыланды.

Кошумчаласак, быйыл Ысык-Ата районунда 5 мектеп жана 1 бала бакча пайдаланууга берилди.