Быйыл Өзбекстан менен Кытайга картошка экспорту көбөйөт

3 апреля 2024, 12:05

Кыргызстанда картошка сатылбай, жер төлөдө чирип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен ишендиришти.

Ведомствонун расмий маалыматына таянсак, 2023-жылы өлкөдөн жалпы 42,2 миң тонна картошка экспорттолгон. Алар негизинен Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга жөнөтүлгөн.

Картошканын баасы 2023-жылдын апрель айында 23,3 сом, май айында 30 сом, июнь айында 45 сом, сентябрь айында 30 сом, октябрь айында 25,2 сом, ноябрь айында 26,5 сом болгон.

Ал эми 2022-жылы апрель айында 25,6 сом, май айында 35 сом, июнь айында 40 сомду түзгөн.

"Быйыл март айына карата республика боюнча кортошкага болгон орточо дүң баасы 10-12 сомдон, ал эми базарларда 18 сомдон 25 сомго чейин сатылууда", деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстан мамлекетине экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Кытайга дагы картошканы экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Белгилеп кетсек, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйында депутат Акылбек Түмөнбаев картошка маселесин көтөрүп, эл сата албай, жер төлөдө чирип, малга берип жатышканын айткан.