Быйыл Жалал-Абад облусуна бюджеттен 558,6 млн сом бөлүндү
Быйылкы жылы Жалал-Абад облусуна бюджеттен 558,6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каражат облус райондоруна төмөнкүдөй бөлүнөрү белгиленди:
- Аксы районуна – 100,3 млн сом;
- Ала-Бука району – 49,6 млн сом;
- Базар-Коргон району – 82,3 млн сом;
- Ноокен району – 70,4 млн сом;
- Сузак району - 100,2 млн сом;
- Тогуз-Торо району – 44,5 млн сом;
- Токтогул району – 83,6 млн сом;
- Чаткал району – 13 млн сом;
- Көк-Жаңгак шаары – 14,4 млн сом болду.
“Акча жаңы гана бөлүндү. Азырынча каражат кайсы тармактарга жумшалары тактала элек", - деп билдиришти министрликтен.