Быйыл Жалал-Абад шаарынын бюджети 763 млн сомдон ашат

24 февраля 2023, 12:32

Жалал-Абад шаарынын бюджети 763 млн 341 миң сом өлчөмүндө болору пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Белгилей кетсек, 2021-жылы Жалал-Абад шаарына 4 миллиард 300 миллион сом, 2022-жылы 7 миллиард 604 миллион сом инвестиция тартылган. Былтыр шаарда 158 ишкана ачылып, 1382 жумуш оруну түзүлгөн. 

Былтыркы жылы шаардын бюджети 435 миллион 422 миң сомду түзсө, 2021-жылы 108 миллион 143 миң сомго көбөйүп, 543 миллион 565 миң сомду түздү. Ал эми 2022-жылы шаардын бюджети 689 миллион 50 миң сомду түзгөн.