Быйыл Жалал-Абад шаарынын бюджети 1 млрд сомго пландалууда

12 февраля 2024, 13:11

Быйылкыга карата Жалал-Абад шаарынын бюджети 1 млрд сом деп пландалууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди. 

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 2023-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, инвесторлор тарабынан жасалган жумуштар, калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү багытында жүргүзүлгөн иш-аракеттер боюнча элге отчёт берди. 

Андан соң шаар мэри 2024-жылы жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, облустук өнүктүрүү фонду тарабынан аткарыла турган жумуштар боюнча маалымат берди.