Быйыл Жалал-Абадда эки оорукана курулат

22 марта 2023, 14:35

Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын нефрология, (жасалма бөйрөк), неврология, терапия бөлүмдөрү үчүн 3 кабаттан турган имараттын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Белгилей кетсек, аталган ооруканалардын курулушу республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 млрд сомдон каржыланат. Бул каражатка Жалал-Абад шаарында жалпы 13 ири долбоор ишке ашырылат.

“Жаңы имарат 90 орунга ылайыкташкан. Анын курулушу ушул жылдын ноябрь айында бүтөт”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, Жалал-Абад шаарынын Темир жол көчөсүндө жайгашкан облустук "Кургак учукка каршы күрөшүү" борборунун 3 кабаттуу имаратынын курулушуна да капсула салынды. Аталган борбордун жаңы имараты 96 орунга ылайыкташып, бардык шарттары менен курулат. Оорукананы курууну ушул жылдын октябрь айында бүтүрүү пландалууда.