Быйыл жолдорго асфальт төшөөгө 14,6 млрд сом жумшалат

8 апреля 2024, 17:48

31-мартка карата жолдорго асфальт төшөөгө бюджеттен 1,36 млрд сом бөлүндү. Быйыл бул багытка 14,6 млрд сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

“Капиталдык салымдар” беренеси боюнча бүгүнкү күндө 1,4 млрд сом каржыланып, 660 чакырым жолдун оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда.

Ошондой эле, “Мамлекеттик инвестиция” тармагы боюнча 828,2 млн сом өздөштүрүлгөн.