Быйыл жүрөк ооруларын алдын алууга 800 млн сом бөлүнөт — Мамадалиев

18 января 2023, 16:00

Быйыл жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга 800 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө жүрөк-кан тамыр оорусу менен ооруган бейтаптардын саны жогору. Жүрөк-кан тамырга байланыштуу каза болгондордун саны да көп. 

“Быйыл жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга 800 миллион сом бөлүнөт. Бардык кардиологиялык ооруканаларда катуу кармаган инфаркт менен түшкөн бейтаптар стенттерди бекер алышат, стенттин өзү да бекер болот. Бейтаптар дарылануу үчүн белгилүү бир кошумча төлөмдү гана төлөшөт”, - деди ал.

Ошондой эле, Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары туура тамактанууну пропагандалоону күчөтүү пландалып жатканын билдирди. 

“Бизде жүрөк ооруларына алып келген бийик тоолуу жана тамактануу схемалары бар. Быйыл бул темада тегерек столдорду өткөрүп, видеороликтерди чыгарууну пландап жатабыз. Бул багытта иштер жүрүп жатат”, - деди ал.