Быйыл ЖРТга каттоонун акысы жогорулады

3 марта 2023, 11:45

Быйылкы жылы Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоонун акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл негизги жана ар бир предметтик тесттин акысы 470 сомду түзөт. Мурда негизги жана предметтик тесттер 370 сомго бааланган.

Чынара Батракеева бул сумма жакынкы эки жылга белгиленгенин, ага тестирлөө үчүн суроолорду түзүү, жеринде тестирлөө жүргүзүү, администраторлордун иши, тест жана каттоо материалдары, сертификаттарды басып чыгаруу кире турганын айтты.