Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын соодасы дээрлик 550 млн сом болгон

25 января 2023, 09:48

Экономика жана коммерция  министри Данияр Амангелдиев менен Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда 26-январда өтүүчү Кыргызстан-Өзбекстан бизнес форумуна даярдык көрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери, ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара соода жүгүртүүсү 543,1 миллион долларды түзгөн.  Бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,8%га көбөйгөн. Анын ичинде экспорт 211,8 млн доллар болсо (29,7%га өсүү), импорт 331,4 млн долларды  (15,7%га өсүш) түзгөн.