Былтыр 74 миң 580 жаранга пенсия дайындалды — Социалдык фонд

18 января 2023, 12:50

Социалдык фонд 2022-жылдын январь-декабрь айларында 74 580 жаранга пенсия дайындаган. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди. 

Маалыматка ылайык, декабрь айында 6515 жаранга пенсия дайындалган.

Мындан тышкары, кошумча берилген документтер боюнча 2294 пенсионерге эмгек стажы, эмгек акысы, майыптыгы боюнча пенсиянын өлчөмү кайра эсептелген.