Былтыр аткезчиликтен улам мамлекетке 488 млн сом зыян келтирилген

12 января 2023, 15:25

Былтыр 2022-жылы аткезчилик боюнча козголгон кылмыш иштеринен улам мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 488 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Самат Исабековдун айтымында, Бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү кызматы 3802 мыйзам бузууну аныктаган. 

Ошондой эле, бюджетке кошумча түшүүлөрдүн көлөмү 345,8 млн сомго көбөйүп, ал 589,4 млн сомду түзгөн. 

“Бул фактылар боюнча 3547 укук бузуулар боюнча иш козголуп, жыйынтыгында 24 млн сом өндүрүлгөн. Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 255 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп, алар үчүн 244,2 млн сом кайтарылган”, - деди ал.