Былтыр бажычылар 488 млн сом өлчөмүндө мыйзам бузууларды аныктаган

9 февраля 2023, 11:21

Былтыр бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү 3802 укук бузуу жана кылмышты аныктаган. Мындан улам мамлекетке 488 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2021-жылга карата өсүү темпи 381,2%га өскөн. Анын ичинде укук бузуулар боюнча 3547 иш козголуп, анын натыйжасында 24 млн сом өлчөмүндө айыптар өндүрүлгөн. Алдын алуу иш-чараларынын алкагында 321,1 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн. Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 255 материал өткөрүлүп, алар боюнча 244,2 миллион сом зыяндын орду толтурулган. 

“Бюджеттин кошумча кирешелеринин жалпы көлөмү 345,8 млн сомго көбөйдү. Эгерде 2021-жылы кошумча түшүүлөрдүн көлөмү 243,5 миллион сомду түзсө, былтыр бул көрсөткүч 589,4 миллион сомду түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.