Былтыр КФБда листингден тышкары компаниялардын 6 млрд сомго 900 бүтүм катталган

20 января 2022, 15:45

2021-жылдын ичинде Кыргыз фондулук биржасыда (КФБ) листингден тышкары компаниялардын баалуу кагаздары менен жалпы суммасы 5,99 млрд сомго 900 бүтүм катталган. Бул тууралуу КФБнын президенти Медетбек Назаралиев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу катталган операциялардын көлөмү 1,1 млрд сомго азайып, 2020-жылы 7,099 млрд сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 31-декабрына карата КФБнын листингинде 26 компаниянын баалуу кагазы болгон. Башкача айтканда, 2021-жылдын ичинде листингдик компаниялардын баалуу кагаздары менен 1108 келишимдер түзүлгөн. Алардын соода көлөмү 3,73 млрд сомду түзгөн (бул корпоративдик баалуу кагаздар менен сооданын жалпы көлөмүнүн 38,39% түзөт). Өткөн 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу листинг секторунда 2021-жылга соода көлөмүнүн көрсөткүчү 994,24 млн сомго азайган. Атап айтканда, 2020-жылы листингдик компаниялар боюнча соода көлөмү 4,72 млрд сомду түзгөн.