Былтыр ККМ менен иштеген ишкерлердин саны дээрлик 3 эсе өскөн

24 января 2023, 14:11

Былтыркы жылы кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик 3 эсе өскөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мындай аппараттарды 65 миң 422 чарба жүргүзүүчү субъект колдонот.

“Контролдук--кассалык машиналарды колдонуунун 3 эсе көбөйүшү салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле 10 миңден ашык гибриддик аппараттардын ишкерлерге бекер таратылышынын натыйжасы болду”, - деди Абдувапов.

Ошону менен бирге, контролдук-кассалык машиналардын көбөйүшүнө “Чекти талап кыл-байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы таасир эткен. Анын жүрүшүндө жарандар товарларды сатып алууда кассалык чектерди активдүү талап кыла баштаган.