Былтыр Кыргызстанда жылкы 2,4%га азайган

8 марта 2023, 16:20

Өлкөдө 2022-жылдын сонунда 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жылкы саны 533,9 миңди түзгөн. Былтыр мурунку жылга салыштырмалуу жылкы 13,2 миң башка, же 2,4% азайган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Кыргызстанда 2022-жылдын декабрына карата бодо малдын саны 1 миллион 783 миң башты түзгөн. Башкача айтканда, мында бодо мал саны 1,9%га өскөн.  

Жалпы бодо малдын 22,3% эң көп үлүшү Ош облусунун чарбаларында катталган. Андан кийин Жалал-Абад облусунда 20,8%, Чүй 17,6% жана Ысык-Көлдө 15,3% болгон.

"Бодо малдын жалпы санынын 3, 3% топоздор. Алардын саны жыл ичинде 1,1 миң башка же 1,9% көбөйүп, 2022-жылдын акырына карата 58,3 миң башты түзгөн", - деп айтылат маалыматта. 

Кой-эчкилердин ири үлүшү Жалал-Абад облусунун чарбаларында катталган. Бул аймакта жалпы малдын 22,2%, Нарында 18,2%, Ошто 18,1% жана Ысык-Көл 14,8% облусуна туура келет.