Былтыр Кыргызстандан Кувейтке товар экспорттоо 6 эсе жогорулаган

16 февраля 2023, 13:02

Былтыркы жылы Кыргызстан Кувейтке товар экспорттоону 2021-жылга салыштырмалуу 6 эсеге көбөйткөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Эгерде 2021-жылы өз ара сооданын көлөмү 642,5 миң долларды түзсө, 2022- жылы ал 3 миллион 937 миң долларга жеткен. Бул Кувейтке битумдуу мунай заттарды ташуунун өсүшүнө байланыштуу. Ага ылайык, экспорттун көлөмү 3,5 миллион долларды түздү. Ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч болгону 420 миң долларды түзгөн.

Кошумчалай кетсек, былтыр Кыргызстан Кувейтке 213,1 миллион долларга кой этин жеткирген. Мурунку жылы эттин бул түрү экспорттолгон эмес.