Былтыр Кыргызстанга 2,9 млрд доллардан ашык которулган
Акыркы бир жылда Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу чет өлкөдөн 2 миллиард 928,19 миллион АКШ доллары түшкөн. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.
Мурунку 2021-жылга салыштырмалуу киреше 6,2%га өскөн. 2021-жылы башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга 2 миллиард 756,24 миллион доллар которулган.
Былтыр түшкөн акчанын 2 миллиард 780,15 миллион доллары Орусиядан жөнөтүлгөн, бул дээрлик 95% түзөт. Казакстандан 9,49 миллион доллар, КМШ жана башка өлкөлөрдөн 4,28 миллион доллар келген.
Жеке жактар алыскы чет өлкөлөрдөн 134,18 млн жөнөткөн. Алардын:
- АКШдан 54,94 миллион доллар (27 пайызга);
- Түркиядан 12,91 млн (16 эсеге);
- Улуу Британиядан 6,03 (5,5 эсеге);
- Германиядан 4,7 млн (5,2 эсеге);
- КМШдан тышкаркы башка өлкөлөрдөн 55,58 млн (4,7 эсеге өскөн) келген.