Былтыр кызматтык кылмыштардан улам өлкөгө 5 млрд сом зыян келген

31 января 2024, 15:44

2023-жылы коррупциялык, кызматтык кылмыштар боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 млрд 202 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Аталган сумманын 59%ы тактап айтканда 3 млрд 044 млн 373 миң 50 (3 323 172 029) сому  өндүрүлдү. 

Анын ичинен:

  • прокуратура органдары тарабынан – 1 млрд 745 млн 411 миң 719 сом, 
  • ички иштер министрлиги тарабынан – 1 млрд 298 млн 961 миң 331 сом 
  • улуттук коопсуздук мамлекеттик кызмат тарабынан – 1 млрд 511 млн 911 миң 022 сом мамлекетке кайтарылган.