Былтыр мамлекеттик сатып алууга дээрлик 63 млрд сом кеткен
Былтыркы жылы мамлекеттик сатып алууга дээрлик 63 млрд сом сарпталган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 62,6 млрд сомго 101 838 сатып алуу болгон.
- товарларды сатып алууга - 30,2 млрд сом,
- жумуштарды аткарууга - 25,8 млрд сом
- кызматтарга - 6,3 млрд сом
- кеңеш берүү кызматтарына - 0,3 млрд сом коротулган.