Былтыр мамлекеттик жөлөкпулдар 100%дан 200%га чейин жогорулаган

30 марта 2023, 16:40

Аз камсыз болгон үй-бүлөгө көмөк катары 2021-жылы 3 млрд 804 млн 325 миң сом, 2022-жылы 4 млрд 879 млн 681 миң сом берилген. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков “Фейсбук” баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна өзгөчө статус берилгенине байланыштуу, учурда чек арада жайгашкан аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына 2400 сомдон берилип жатат.

Ошондой эле, бала кезинен майыптыгы барларга мурда 4000 сом төлөнсө, 2022-жылдан кийин 8000 миң сомго жогорулаган. Майыптын категориясына жараша төлөмдөр 100%дан 200%га чейин кошулган. 

“Ата-энесинен ажыраган балдарга берилүүчү төлөмдөр 2022-жылдан тарта жарым жетим балдардыкы 1000 сомдон 3000 сомго, томолой жетим балдардыкы  2000 сомдон 6000 сомго көтөрүлдү”, - деп айтылат Орунбековдун маалыматында.