Былтыр «Манас» аэропортунда жети жаңы эл аралык каттам ачылды
Азыркы учурда “Манас” эл аралык аэропорту ачык акционердик коому 26 авиакомпания менен кызматташат, алардын ичинен 3 ата мекендик, 23 эл аралык авиакомпаниялар. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө “Манас” эл аралык аэропортунун маршруттук тармагы 40 багытты камтыйт: 36 багыт - эл аралык аба каттамдары боюнча, 4 багыт - ички аба каттамдары боюнча.
2023-жылы төмөнкү багыттар боюнча 7 жаңы үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдары ачылды:
- Сиань-Бишкек-Сиань;
- Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби;
- Сеул-Бишкек-Сеул;
- Анкара-Бишкек-Анкара;
- Баку-Бишкек-Баку;
- Жидда-Бишкек-Жидда;
- Чэнду-Бишкек-Чэнду.