Былтыр Ош облусунда өнөр жай багытында 61 жаңы ишкана ачылды

22 января 2024, 17:40

Былтыр Ош облусунда өнөр жай багытында 61 жаңы ишкана ачылды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, аймакта бул багытта жалпысынан 17 млрд сомдон продукция өндүрүлүп, көлөм 2022-жылга салыштырмалуу 2 млрд 650 млн сомго көп болгон.

Ишканаларды ачуунун негизинде облус аймагында жалпы 6 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 1 миң 400кө көп.