Былтыр саламаттыкты сактоого 22 млрд сомдон ашык каражат сарпталган
Былтыркы жылы өлкөдөгү саламаттык сактоо мекемелеринин чыгашалары 22 635,1 млн сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 3382 млн сомго көп, же 117,6%га өскөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелеринин бюджетинин аткарылышы 3 388,4 млн сомду, же 85,0% түздү. Анын ичинде:
- эмгек акы жана социалдык фондго 980,1 млн сом жумшалган. Бул сумма 2021-жылга салыштырмалуу 343,3 млн сомго көп, же 153,9%га өскөн;
- гемодиализ үчүн – 300,0 млн сом;
- дары-дармектерди сатып алуу үчүн – 1032,8 млн сом. Анын ичинде инсулинге – 65,2 млн сом;
- жогорку технологиялар фондуна – 446,9 млн сом;
- тамак-аш сатып алууга – 38,4 млн сом кеткен. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 11,5 млн сомго көп;
- коммуналдык кызматтар үчүн – 53,6 млн сом кеткен. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 10,8 млн сомго көп.
Ошондой эле, COVID-19 коронавирустук инфекциясынан каза болгон медициналык кызматкерлерге, ошондой эле каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн 14,5 млн сом сарпталган.