Былтыр коюлтулбаган сүт жана каймакты импорттоо 2,7 эсе жогорулаган
Былтыркы жылы Кыргызстанга коюлтулбаган сүттү жана каймакты импорттоонун физикалык көлөмү 2,7 эсеге өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы Кыргызстанга 4,6 миң тонна коюлтулбаган сүт жана каймак импорттолгон. Ал эми 2021-жылдын аягында аталган өнүмдүн импорту 1,7 миң тонна болгон.
Доллар менен эсептегенде импорт эки эсеге көбөйүп, 5,6 млн сомду түзгөн.
“Импорттун 84% Казакстандан, 15% Орусиядан келген. Мындан тышкары коюлтулбаган сүт жана каймак Белоруссиядан жана Ирандан да алынып келинген”, - деп айтылат маалыматта.