Былтыр Свердлов районунда 16 долбоор каржыланган

26 января 2023, 14:45

Былтыр Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациянын гранттык комиссиясы 4 890 744 сомго 16 долбоорду каржылаган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, каражат имараттардын чатырларын, жүргүнчүлөрдү ташуучу лифттерди оңдоого жана терезелерди алмаштыруу сыяктуу долбоорлорго жумшалган. 

“Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун гранттык комиссиясы 2023-жылга карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын артыкчылыктуу багыттарын жана керектүү документтердин тизмесин бекитти”, - деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, гранттар Бишкек шаарынын жана жергиликтүү жамааттардын аймагын өнүктүрүүгө, социалдык активдүүлүктү жогорулатууга, коммуналдык жана башка турмуштук маселелерди өз алдынча чечүүгө багытталган долбоорлорду каржылайт. 

Тиешелүү арыздар жана долбоорлор Бишкек шаарынын бюджети бекитилгенден кийин кабыл алынат. Бул тармакка жылына 5 000 000 сомго жакын каражат бөлүнөт.