Былтыр Түндүк-Чыгыш бажысы 45 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогулткан
Былтыр Түндүк-Чыгыш бажысы республикалык бюджетке 45 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн түшүргөн. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.
Акыркы 6 жыл ичинде Түндүк-Чыгыш бажысынан мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй аткарылган:
- 2017-жыл – 27,3 млрд сомго көп;
- 2018-жыл – 15,8 млрд сомго көп;
- 2019-жылы - 21,7 млрд сомго көп;
- 2020-жылы - 38,4 млрд сомго көп;
- 2021-жылдын 12 айында бул сумма 19,4 млрд сомду түзгөн.
Ал эми, 2022-жылы бажы төлөмдөрү 25,6 млрд сомго көп жыйналып, өсүү темпи 232,0%ды түзгөн.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Мамлекеттик бажы кызматы 74,3 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн жыйнап, белгиленген планды 100,8%га аткарган.