Былтыр жол эрежелерин бузуудан дээрлик 700 млн сом түшкөн

3 февраля 2023, 17:07

Былтыр 2022-жылы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча жалпы суммасы 699 миллион 151 миң 105 сомду мамлекеттик бюджетке өндүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Ошондой эле “Автоураган” мобилдик комплекси кыска убакыттын ичинде 4587 мыйзам бузууну аныктап, 2651 унаа атайын токтотуучу жайларга коюлган. Анын ичинен 640 унаа издөөгө алынган. Бул багытта төлөнгөн айыптардын суммасы 41 миллион 790 миң сомду түзөт.