Былтыр жол тармагына 8,7 млрд сомдон ашык каражат жумшалган

7 февраля 2023, 11:35

Былтыр өлкөдө жол курууга 8,7 миллиард сомдон ашык сарпталган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. 

Маалыматка ылайык, былтыр бюджеттик жолдорду оңдоого 2,8 миллиард сомдон ашык жана капиталдык салымдардын эсебинен жолдорду курууга 5,2 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.  Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп. Бул каражатка жалпысынан 382,6 чакырым жолго асфальт курулган. 

“Инвестициялык долбоорлордун алкагында 106 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Азыркы учурда биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол машине жолун куруу иштери жүрүүдө", - деди Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.