«Түндүк электрдин» үй абоненттери 6,4 млн сом карыз

4 сентября 2021, 17:00

2021-жылдын 6-сентябрынан тартып "Түндүк электр" ААК электр энергиясын көзөмөлдөө жана эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык-өлчөө тутуму Бишкек шаарындагы 7,2 миңден ашык үй абоненттерин дистанттык түрдө электр энергиясынан ажыратат. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 

Дебитордук карыз 6,4 миллион сомдон ашты.

“Түндүк электр” абоненттер балансын мобилдик тиркеме аркылуу же компаниянын сайтынан текшере аларын эскертти.