Бишкек шаарынын 2020-жылга бюджети коомдук талкууга коюлат

21 декабря 2019, 15:10

Бишкек шаарынын 2020-жылга карата бюджети 21-декабрда коомдук талкууга коюлат. Шаардык кеңештин депутаттары Жал кичирайонунда жайгашкан Кыргыз-Түрк Манас университетинде эл менен жолугары расмий кабарланды.

Жашоочулар сунуш-пикирлерин айтып, анын негизинде бюджеттин алымча-кошумчасы аныкталмакчы. Мэрия тургундарды талкууга активдүү катышууга чакырууда.

Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети 2019-жылга 8 миллиард сомдун айланасында бекитилген.