Бюджеттин чыгашасынын 42% мамкызматкерлердин эмгек акысына жумшалган

29 января 2021, 13:00

2020-жылы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысына 61 млрд 880 млн сом же мамбюджеттин (147.4 млрд)  жалпы чыгашасынын 41.9% жумшалган. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады. 

Мекеменин маалыматына ылайык, мамкызматкерлердин башкы эмгек акысына 36.8 млрд сомду, кошумча төлөм жана компенсация үчүн 17,7 млрд сом бөлүнгөн. Социалдык фондко төгүлгөн взностордун көлөмү 7 млрд сомду түзгөн.