2020-жылы Кыргызстанда бюджеттин дефицити 23.3 эсеге жогорулады

2 марта 2021, 08:30

2020-жылдын январь-декабрь айларында Евразия экономикалык бирикмедеги бардык мамлекеттердин республикалык бюджети дефицит менен аткарылды. Бул тууралуу ЕЭКтин аналитиктери билдиришти. 

 

Муну менен катар, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу Белорусия жана Россияда бюджеттин тартыштыгы катталды. Армения, Казакстан жана Кыргызстанда бюджеттин дефицити 5.2, 1.7 жана 23.3 эсеге жогорулаган.  

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда дефициттин деңгээли жогору болгондугуна карабастан, ЕАЭБ боюнча көрсөткүч эң төмөн бойдон сакталып калууда.