Бюджеттик чыгашалар былтыркыга караганда 2 млрд 867 млн сомго көп болду

15 июня 2020, 13:40

Быйылкы жылдын 5 айында чыгашалар былтыркыга караганда 2 млрд 867 млн сомго көп болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары – Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков билдирди.

 

Анын айтымында, быйыл 5 айдын жыйынтыгы менен 40 млрд 996 млн киреше чогултулган.

«Ал өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 11 млрд 199 млн сомго аз. Чыгашалар 54 млрд 348 млн сомду түздү. Былтыркы жылга караганда чыгаша 2 млрд 867 млн сомго көп болду. 5 айдын жыйынтыгы менен бюджеттин дефицити 13 млрд 352 млн сомду түздү», - деди ал.