Биринчи кварталда бюджет 3,2 млрд сом тартыштык менен аткарылды

14 мая 2021, 09:44

Кыргызстандын бюджети 3,2 миллиард сом тартыштык менен аткарылгандыгын республиканын Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Ошентип, каралып жаткан мезгилде бюджеттин кирешелери 38,5 млрд сомду түзсө, чыгашалары 41,7 млрд сом болду.

Тартыштык толугу менен ички булактардын эсебинен, тактап айтканда, мамлекеттик баалуу кагаздардын жана бюджеттик жана атайын каражаттардын жыл башындагы калдыктарынын эсебинен казынага акча каражаттарын тартуу менен жабыла тургандыгы маалым болду.