"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын бюджети 142 млн сомго кыскарды

9 июня 2021, 16:10

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын акционерлери 2021-жылга карата бюджеттин көлөмүн кыскартышты. Мындай чечим жыйында кабыл алынды.

Компаниянын башкы директору Эмил Куданалиевдин айтымында, электр энергиясы менен камсыздоо жана киреше бөлүгү, мурда бекитилген бюджеттен айырмаланып, өзгөргөн жок.

“Өзгөртүүлөр чыгым бөлүгүнө гана таасирин тийгизди. Жогорку структуралардын тапшырмасы менен тартыштыкты кыскартуу максатында бюджет оптимизацияланган. Натыйжада чыгымдар 142 миллион 787 миң сомго азайды”, - деди ал.

Буга чейин "НЭСК" ААКнын бюджети акционерлердин 2021-жылдын 28-апрелиндеги жалпы жылдык чогулушунда бекитилген.