БУУнун 2023-жылга бюджети 3,4 млрд долларга бекитилди

5 января 2023, 15:45

БУУнун Башкы ассамблеясы уюмдун 2023-жылга бюджетин 3,4 миллиард доллар өлчөмүндө бекитти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, бюджет БУУнун башкаруу жана бюджет боюнча бешинчи комитети тарабынан жактырылгандан кийин Башкы ассамблеяда добуш берүүсүз кабыл алынган.

"Мен уюмга дүйнө жүзү боюнча бир нече кризистерге жардам берүүгө зарыл болгон каржылоону камсыз кылганы үчүн бешинчи комитеттин мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирем", - деди Башкы Ассамблеянын төрагасы Чаба Кёрёши.