Баалуу кагаздар менен бюджетти 450 млн сомго толтуруу пландалууда

4 июня 2020, 08:53

4-июнь күнү 12 айлык мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

 

Жалпы сумма 50 млн сом. Андан сырткары, 5-июнда Улуттук банк 400 млн сомго 5 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрөт. 

Эске сала кетсек, каржы министрлиги алдын-ала берген маалыматка ылайык, июнь айында бюджетти 1.4 млрд сомго толтуруу пландалууда.