Казакстандын бюджети пандемияда 2.5 млрд $ жоготууга учурады

28 октября 2020, 14:40

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Казакстандын бюджетине 2.5 млрд доллар (1.1 трлн теңге) киреше түшкөн эмес. Бул тууралуу kapital.kz порталы мамлекеттик кирешелер комитетинин өкүлү Марат Султангазиевдин билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты. 

Анын айтымында, мамбюджеттин киреше боюнча планы 92%, республикалык план - 82% аткарылган. Бизнеске жеңилдетилген шарт менен 3.5 млн долларга жардам көрсөтүлгөн. 

Бюджет түздөн-түз 700 млн доллар жоготууга учураган.