Мурдагы экономика министри президентке кеңешчи болду

16 июля 2019, 17:38

Мурдагы экономика министри Олег Панкратов Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы буйрукту расмий сайтында жарыялаган. 

Олег Панкратов  буга чейин экономика министрлиги кызматында иштеп келген.  Ал ушул жылдын май айында Өкмөткө карата айтылган сындан улам кызматтан кеткен.  Экономика министри катары   чет өлкөлүк инвестицияларды Кыргызстанган тара албагандыгы менен депутаттардын сынына кабылган.