2020-жылдан тарта эсеп-фактураларды каттоо электрондук түрдө жүргүзүлө баштайт

26 ноября 2019, 09:43

2020-жылдын 1-январынан тарта  электрондук эсеп-фактура менен каттоо миледттүү түрдө болуп саналат. Учурда өкмөт пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу экономика министрлиги билдирет. 

Маалыматка караганда, электрондук эсеп-фактура жумушту жөнөкөйлөштүрөт жана ишкерчилик субъектилерге ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзөт. 

Андан сырткары, долбоор ЕАЭСтин ишкерлери үчүн барьерлердин санын кыскартып ыкчам, кагазсыз  иштөөгө шарт түзөт.