Жыл башынан бери 131,4 млн сомго контрабандалык жүк кармалды

21 октября 2021, 09:07

Ушул жылдын тогуз айында Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадан жалпы суммасы 131,4 миллион сомдон ашык товарларды аткезчилик жана мыйзамсыз ташуу боюнча 142 фактынын бетин ачты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик чек ара кызматы аткезчиликке каршы күрөштө ыктыярдуу элдик кошуундар жана жарандык активисттер чек арачыларга активдүү жардам көрсөтөрүн белгиледи.

УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды чек ара аймагында улуттук мыйзамдарды сактоого чакырды, ошондой эле мамлекеттик чек араны жана анын режимин бузуучуларга карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөрүн эскертти.