Capital Bank Kazakhstan төлөм жүргүзүүгө жөндөмсүз деп табылды

25 июня 2021, 12:30

Казакстандын финансы базарын көзөмөлдөө жана өнүктүрүү агенттиги Capital Bank Kazakhstanдын банктык операцияларды жана башка ишмердүүлүктөрдү баалуу кагаздар базарында жүргүзүү лицензиясынан ажыратты.

Ага төмөндөгү шарттар себеп болгон:

  • системалык түрдө көзөмөл аракеттерин аткарбоо;
  • банктын ири катышуучусунун ыйгарым укуктуу органдын кошумча капиталдаштыруу боюнча талаптарын аткарбай калышы;
  • банкты төлөм аткара албаган категорияда кароо.

Лицензияны кайтарып алуу күнүнө карата банктын активдери 89,8 млн АКШ долларын, насыя портфели 79,1 млн долларды түзгөн, андан тышкары 70 млн доллар же банктын насыя портфелинин 89,8% ы үч айдан ашык мөөнөтү өтүп кеткен насыялар менен көрсөтүлгөн.

Банктын ликвиддүү активдеринин көлөмү 347,8 миң долларды түзөт, ал эми кардарлардын аткарылбаган төлөмдөрүнүн көлөмү 35 миллион доллардан ашат.