CASA-1000 келе жаткан жылдын май айында ишке кирет деп пландалууда

13 декабря 2023, 09:35

CASA-1000 долбоору келе жаткан жылдын май айында ишке кирет деп пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, жумуштарды соңуна чыгарууга 8,5 миллион доллар жетпей жатат. Бул сумманы жакын арада Дүйнөлүк банк бөлүп берет.

Эске салсак, CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандан электр энергиясы Афганистан менен Пакистанга экспорттолот.