ЕАЭБ өнөр жай өндүрүүчүлөрүнүн баасы жыл башынан бери 24,6% га жогорулады
ЕАЭБ боюнча өнөр жай өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын индекси 2021-жылдын августунда 2021-жылдын июлуна салыштырмалуу 1,4% га, ал эми 2020-жылдын декабрынан 24,6% га өстү. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
Өнөр жай өндүрүшчүлөрүнүн бааларынын 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу өсүшү негизинен алардын тоо-кен өнөр жайындагы жана карьерлердеги (47,9%га) олуттуу өсүшүнүн эсебинен болду.
Ошол эле учурда, кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүүчүлөрдүн баалары 20,5%га, "энергия менен камсыздоо, газ, буу жана кондиционерлөө" ишмердүүлүгүнүн түрү боюнча - 6,1%га, "суу менен камсыздоо" ишмердүүлүгүнүн түрү; канализация системасы, таштандыларды чогултуу жана бөлүштүрүү боюнча көзөмөл "- 3,5%га көбөйгөн.