Биткоиндин баасы 12% чейин төмөндөдү

23 февраля 2021, 11:30

Биткоиндин баасы сутка ичинде 12.10% төмөндөп кетти. Криптовалютанын курсу 23-февралда 49.4 миң долларга чейин төмөндөдү. Бул тууралуу Coindesk биржа сайтында маалымдалат. 

 

Биткоиндин баасы өскөн күндөн тарта, актив 7 миң долларга чейин төмөндөгөн. 

Белгилей кетсек, төмөндөө муну менен эле токтоп калган эмес, 20 минутанын ичинде биткоиндин баасы 49.07 миң долларга чейин түшкөн. 

Эске сала кетсек, кечээ биткоиндин баасы 58.3 миң долларга чейин жеткен.