Brent маркасындагы мунайдын баасы 139 долларга жетти

7 марта 2022, 09:44

Бүгүн, 7-мартка карата Brent маркасындагы мунайдын баасы жаңы максимумга чыкты. Май фьючерлери 139 доллар деген көрсөткүчтү ашырып жатышкан эле.

Муну менен 2012-жылдагы мунайдын баасы 128 доллардан ашуу менен жеткен рекорддун жаңыланган.

Учурда Brent маркасына карата май фьючерлеринин баасы 126.66 чейин төмөндөп кетти.

Андан сырткары мунайдын WTI  маркасына карата баанын өйдө-төмөн секириши байкалды. Жогорку чегине жеткен баа баррелине 130 доллар болуп, баанын алдыдагы төмөндөөсү 121 долларга чейин жетип турду.

Орусиянын мунайына эмбарго киргизилиши мүмкүн деген маалыматтардан кийин мунайдын баасы өйдө-төмөн секире баштаган.

Мунайга болгон баанын тарыхый жогорку көрсөткүчү 2008-жылы болгон эле. Аанда баррелдин баасы 143 долларды түзгөн.