Кыргызстанда шекердин баасы 11.5% арзандады

21 ноября 2019, 09:50

2019-жылдын 19-ноябрдагы кумшекерге болгон орточо баа, өткөн жылдын ноябрь айы менен салыштырып караганда, 5.55 сомго же 11.5% азайган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

Өткөн жылдын ноябрь айында кумшекерге болгон жогору баа Ош шаарында (1 кг болгон баа 53.70 сом), Кербен шаарында (1 кг болгон баасы 53.47 сом) жана Кара-Суу шаарында (1 кг болгон баа 51.61 сом) катталган. 

Шекердин чекене баасы Ноокат шаарында - 1 кг болгон баа 50 сом, Кара-Суу шаарында - 48.89 сом жана Өзгөн шаарында -  48.70 сом болуп, жогорку бааны түзгөн. Ал эми  эң төмөнкү баа Балыкчы шаарында шекердин 1кг болгон баасы - 36.07 сом, Каракол шаарында - 36.41 сом жана Кара-Балта шаарында 37.91 сом болуп, катталган. 

Үстүбүздөгү жылдын күз айларында кумшекерге болгон баанын төмөндөгөнү байкалган. Мисалы, октябрь айында Балыкчы шаарында кумшекердин баасы 3.1%, Кара-Балта шаарында - 2.8% жана Нарын шаарында - 2.3% арзандаган.